logo БИБЛИОТЕКА                    

Хамид САВАЙ:

ОРОКЧОН КЕЛИН

Бул окуя тээ илгери, 20-кылымдын жыйырманчы жылдарында Памирдин Алай ( Памир, бул сөз перс тилинен которгондо "дүйнөнүн чатыры", Алай бул "кенен төр" дегенди билдирет) тоолорунда болгон. Алай тоолору Кыргызстан менен Кытайдын чек арасынан жай алып андан ары Алай жана Фергана өрөөндөрүн бөлүп турат.
Ошол Алай тоолорунун кенен жылгаларынын жана капчыгайларынын биринде Жааба бий (бий - бул чоң уруунун же кээде бир элдин башчысы) бийлеген саналуу айылдар болгон. Бул аба-ырайы аябай татаал жана кескин климат болгон жерлерде кыргыздар отурукташкан эле.    
Совет бийлиги бул алыс катаал жерлерге али жете элек убак. Бул аймактарда кышында кычыраган, сөөкө жеткен суук болуп турат, жайкысын салкын болуп, эртели кеч салкын жел жүрүп турчу.  Айылдардын эң жогору жагында, ары бир бийик тоону аттаганда кенен жайлоолор болгон.
Ушул айылдарды башкарган Жааба бийге бийлик анын атасынан өткөн, бул элде бийлик атасынан баласына өтүп турган. Бул өзүнчо хандыкта Жаабанын бийлиги чексиз эле жана өзүнүн кол алдындагы элди аябай катуу кармап турган. Анын үч аялы жана сегиз баласы болгон.

Уулдарынын бири Мотур Жааба бийдин кол алдындагы аскер жигиттеринин башчысы эле. Жигиттер бий эмне десе ошону кыңк этпей аткарышып,  ар бир үй-бүлөдөн салык чогултуп бийдин казынасын толтуруп турушкан.  Кимде ким Жааба бийдин буйруктарына моюн сунбаса, баш көтөрсө, аларды суроо-жообу жок өлтүрүп койуудан да кайра тартышчу эмес. Ал убакта Жааба бий алтымыштарга барып, сакалына ак жүгүрүп орто семиз, узун бойлуу, башынан тебетейи түшпөгөн киши. Жааба бийдин кол алдындагы айылдар атактуу Жибек Жолунун бир бутагынын жанында жайгашып, ал жерлерден соодагерлердин кербендери Кытай тарапка да, Фергана өрөөнү тарапка дагы тез-тез өтүп турган.  Элдер туш-тараптан келишип соодагерлерге уй-койдун терилерин, жүндөрүн кийим-кечеге, тукабаларга, үй чарбага керектүү эмеректерге алмаштырышкан. Кээде соодагерлер кербендери менен өздөрү айылдарды аралап кетип турушкан.
Жааба бийдин үйүр-үйүр жылкыларын, сансыз уйларын, короо-короо койлорун баккан малчылардын бири Сарбоз деген жоош момун киши эле.  Айылдардагы көбүнчө колунда бар элдер жай бою жайлоодо  малы менен күз ортосуна чейин болушуп, анан суук түшө баштаганда кайра айылдарга кыштоолорго түшүп келишкен. Жайында жайлоодо эл жыргачу эле, сүт-каймак кенен болуп, кымыз ичишип дегендей. Айлана чөйрө жапжашыл. Малга от жайлоодо кеңири болуп күзүндө семирип түшүшкөн кыштоолорго. Сарбоздун аялы Ширин үч баланы төрөп бөпөлөп чоңойтту.  Эң улуусу -Жамгыр, кийинкиси - Бороон, кенжеси кыз - Акмуз болгон аттары.
Балдардын аттарынан ким кайсы убакта төрөлгөнүн билсе болот, ортолору бир жаштан.  Акмуз эркек балдардын арасында өсүп, эркек балдардын оюндарын ойноп, эркек мүнөздүү болуп чоңойду. Эч качан ыйлачы да эмес, арызданчы да эмес. Таарынса болгону дулдуюп унчукпай калчу.  Акмуз  атка мингенди агаларынан кем калбай үйрөндү. Эркекче сөгүнүп жибергенден да кайра тартчу эмес.
Апасы Ширин кээде Акмузга, ой сен бир  кызга окшоп уялганды, назик болгонду үйрөнсөң болбойбу деп айтат эле.
Агалары Акмузду аябай жакшы көрүшчү, эч бирөөгө аны капа кылдырышчу эмес. Дайыма үчөө чогуу жүрүп, чогуу ойношушчу.  Аларды көргөн эл алардын арасында кыз бар экенин көбү билишчү да эмес, себеби Акмуз эркек балдардай кийинип алат эле. Ширин Акмузга деги эле кыздардын көйнөгүн кийгизе алчу эмес. Акмуз да агаларындай бойлуу болуп өстү.  Он үч жаштан ашканда суйкайган сулуу кыз болду. Анын сымбаттуу келбетине, төгүлгөн чачтарына, бото  көздөрүнө алыс-жакындан келген боз-уландар, жигиттер ашык боло башташты. Бирок көбүнчөсү Акмуздун түз карап сүйлөгөнүнөн  жалтанышчу. Акмузга айылдык балдардын ичинен Сарбоздун өзүндөй болгон малчы кошунасынын жалгыз уулу Куюн гана жакчу. Куюн  Жамгыр менен тең жаш болгон. Кичине чагынан эле Куюн да Акмузду сүйчү, мен чоңойгондо Акмузга үйлөнөм дечү эле.
Дагы саал чонойгондо Акмузга айтчу:
- Акмуз сен эч кимге караба, мен гана сени чын-дилимен сүйөм, мен гана сага үйлөнөм, сени эч кимге бербейм деп.
Бой жетип калганда Куюн Акмузду кызгана баштады, бирөө аны карап сүйлөп койсо эле бүттү, мушташканга чейин барат.  Теңтуш кыздар да Акмузду Куюнга жабыштырып тамашалашчу.  Акмуз да ичинен тымызуун Куюнду жакшы көрүп, ага Куюндун дайыма тыкан таза жүргөнү, калп айтпай чындыкты сүйлөгөнү жакчу эле. Куюн да  бойлуу, келбеттуу жигит болуп,  Акмуздун агалары менен жакын дос болуп чоңойду.
Ал убакта, эркек балдар бойго жеткенде өз уруусунун аскер жигиттерине кошулушкан,  Сарбоздун тун уулу Жамгыр да он жетиге толгондо Мотурдун башкаруусундагы «жору» уруусунун аскер жигиттерине кошулду. Жааба бий бийлеген айылдардын эли «жору» уруусунун тургундары. Мотурдун аскер жигиттери урууга кокустук келгенде же бир жоого аттанганда чогулушкан. Жигиттердин ичинен бир тобу Жааба бийдин жан сакчылары болуп дайыма жанында жүрүшкөн. Ал топтогу жигиттерди Жааба бий жеке өзү тандап  жана бул топко негизинен анын туугандарынын балдары кирген. Керек болгондо аларды бий баш ийбегендерге ур-токмок катары да колдонгон.
Бир жолу «баргы» уруусунун жигиттери «жору» уруусунун он чакты мыкты жылкыларын уурдап айдап кеткенде, Жааба бий аскер жигиттерин топтоп, аларга «баргы» уруусун чаап, жылкыларды кайтаргыла деп буйрук салган. Эки уруунун жигиттеринин ортосунда чоң салгылашуу болуп, эки тараптан да жигиттер курман болуп, бирок «жору» уруусу «баргыларды» жеңип алышкан. Ошол таймашта Сарбоздун тун уулу Жамгыр жоодон каза тапты. Жааба бий «баргыларды» тынчыткандан кийин, ар бир курман болгон «жору» жигитине эбегейсиз чоң кун (кун-өлгөндөргө компенсация, компенсация мал-сал менен төлөнгөн) салды. Жааба бий ошентип «баргы» уруусун катуу жазалап, сызга отургузуп, карызга батырды.
Кудай жалгап, Сарбоздун кийинки уулу Бороон да бойго жетип Жамгырдын ордун басып атасына жардамчы  болуп калды. Анан Сарбоз Жамгырды жерге бергенде Жааба бий жан-жөкөрлөрү менен, уулу Мотур аскер жигиттери менен Сарбоздун үйүнө келишип Жамгырды аркы дүйнөгө узатканга катышышты.
Ошондо Сарбоздукунда Жамгырды жерге койгондон кийин, тамак ичкени киришкенде, Мотурдун көзүнө дароо Акмуз илинди. Кирип отурушканда эле  ал кымыз куюп жүргөн бойлуу, сымбаттуу сулуу кызды оозун ачып карап эле калды. Башка кыздарга караганда бул кыз бою менен да, сулуулугу менен да, бакырайган кара көздөрү менен да айырмаланып турду. 

Мотур болсо ал убакта эки баланын атасы болгон. Ал Жааба бийдин эрке баласы болуп өскөн. Ал бир жеткен куу болуп өсүп, эси ою байлык менен бийлик болгон. Кебетеси да бир адамга жакпаган кебетелерден болуп, мүнөзү да катаал болчу. Бийдин баласы болуп, эч кимди көзүнө илбей, керек болсо кары-жашына карабай ашата сөгүп жүргөн Мотурду карапайым эл сыйлачу эмес. Көп кыз-келиндерди сыздатып, катынпоз атка да конгон. Мотур

Акмуздан көзүн албай, муруттарын кайра кайра сыйпап жанындагы жигиттерден сурап калды:
- Ой энеңди, сулуу эмес бекен ыя, бул кыз кимдин кызы, деди  Акмузду карап.
- А-а, бул кызбы, и-ии жагып калдыбы, ой  аны тим эле койчу, сага эмне кыз жокпу башка, бул Сарбоздун карачечекей кызы, аты Акмуз, эркек мүнөз кыз, анча мынча жигиттерди тоготпойт, кийин аттиң кылып жүрбө тим эле койбой деп күлдү жанындагы отурган бир Сарбоздун айылынан жигит.
Мотур бул сөздөрдү уккан да жок, кулагына да илип койбоду, ал Акмуздан көзүн ала албай, бир эле көрүп жактырып сүйүп калды. Мотур канча жер көрүп, эл көрүп, мындай татынакай, ийкемдүү, көздөрү керемет кызды биринчи жолу көргөндөй болду. Анын эси оюнан Акмуздун узун мойнундагы акмаржан мончогу, күнгө жалтыр-жултур эткен узун апакай колундагы билериги да кетпеди. Мотур урушаарга жоо таппай, урунаарга жер таппай бир тынымсыз сүйүү отунда калды, эртели кеч ал Акмузду кантип өзүмө аял кылып алсам деп, каалаганын жасап көнгөн ак эткенден так этти.
Мотур Акмуз жөнүндө биринчи атасы Жааба бий менен сүйлөшүп көргөндү чечти. Эгер атасы макул болсо эле, анда Сарбоз менен Жааба бий өзү эле түз сүйлөшүп чечеерине көзү жетип турду.
Ошол эле убакта, көптөн бери айтайын деп жүргөн Куюндун атасы Сардек Сарбозго келип, анын кызы Акмузду Куюнга болуп коюп, кудаага түшүп дегендей, анан экөөнүн башын кошууну макулдашканга келди.  Сардек өзүнүн жалгыз уулу Куюндун Акмузду жактырып жүргөнүн, экөөнүн бири бирин сүйөөрүн да байкап жүргөн. Ал эми Куюн болсо өзү бул жөнүндө атасына сөз көтөргөн эмес. Ал оюнда дагы кичине бир өсүп, өзүн гана эмес үй-бүлө баккандай болгондо үйлөнөйүн деген да ою бар болчу.
Сардек кээде уулуна тамашалап да көрдү:
- Э-эй балам, сени үйлөп эле койбоюмбу, мынакей Сарбоздун кызы бойго жетип калыптыр, ала качып эле келе бер, деп.
- Өзүм эле үйлөнөм ала качпай эле, деп айтчу Куюн.
Бирок, Сардек шашыла баштады, анткени Акмуздай сулуу кызды, же бирөө кудаалап колун сурап келет, же бирөө ала качат, анда кеч болуп калат деп ойлоп, Сарбозго барып кызынын колун сурайын деп чечти. 
Сардек менен Сарбоз өмүр бою кошуна болуп жашап келишкен, ысык-суука бирге чыдап, эч качан ортолорунда талаш-тартыш болбой, дайыма бири-бирине кошуналык сылык мамиле жасашчу эле.
- Эми Сарбоз кошуна сөз мындай, ал бул дегенче балдар да бирге ойноп-күлүп чоңоюшту, бир көчөнү сапырып, чаңытып, эми сен деле баамдагандырсың, ушул Куюн менен Акмуздун көңүлдөрү жакын экендигин, бала чактарынан баштап эле бири-бирин жактырышат, сен эми кандай дейсин ушуга, эгерде экөөнүн башын кошуп койсок, биздин үй-бүлөөлөрдү сүйүнтүп, деди Сардек Сарбозго келип.
- Анда менин жообум мындай Сарке, мени сен жакшы билесиң, мен карачечекей кызымын көңүлүнө каршы иш жасабайм, кимге күйөөгө чыгыш кызымдын өзүнүн эрки, эгерде өзү макул болсо, анда мен каршы эмесмин, деди Сарбоз аялы Ширинге карап.
Бир саамдан кийин, Ширинден Акмуздун макулдугун уккандан кийин Сарбоз да макулдугун берди. Сардек туугандарын чогултуп, Сарбоздукунда кой союшуп, Куюн менен Акмузга бата беришип ага сөйкө кийгизишти.  Күзгү жыйым-теримди бүтүрүп анан той берип экөөнү үйлөндүрүштү чечишишти. Бул жакшы шаанадан кийин Куюн менен Акмуз эми ачыкка чыгып дегендей бирге кенен эркин  басып калышты. 
Сүйүүгө баткан Мотур болсо атасы Жааба бийге өзүнүн ой-максатын айтканы келди.
- Атаке, менде акыркы убакта уйку да жок, тынчым да жок, тигил Сарбоздун кызына ашык болуп калдым, анын кызын мага алып бер деп суранам, деди Мотур атасы Жааба бийге.
- И-ии, экинчи катын алганга убактың да келди окшойт балам, мейли атасынын көрү, ошол Сарбоздун кызынбы, сага алып бербей анан, чакыр биякка Сарбозду, мен айтам ага, деп буйрук берди Жааба бий.
Сарбоз келгенде Жааба бий ага карап айтты:
- Өзүң билесин Сарбоз, мен кол алдымдагы кишилерден көп жылдап да бир нерсе суранбайм, мына сенден бир нерсе суранайын дегем, тигил чүрпөң Акмуздун колун балам Мотурга кичүү аял кылып, өзүмө келин кылып алганга сурап жатам.  Калыңына кабатыр болбо, каалаганыңды берем, ага кудуретим жетет билесин, тогуздап уй, жылкы, жүздөп кой берейин, деп суранды бир аз ийилип Жааба бий.
Мындай сандагы калыңды кедейдин кызына эч ким бермек эмес ал убакта.
- О-о, кудуреттүү бий аке, башка нерсе сурасаң жанымды да берет элем, бул суранычыңды аткара албайт окшойм, менин кызымды Сардек уулуна болуп, сөйкө салып кетишкен, бир аз кечиктиңиз, кечирип коюңуз кудай алдында, деп ийилип жооп берди Сарбоз.
Ошентип Сарбоз кеткенден кийин, ага ачуусу келип Жааба бийдин  жини кашайды, жанын коёрго жер таппай, күйбөгөн жери күл болуп, уулу Мотурга кыйкырды:

- Мен бий болуп туруп, башымды ийип, килтейген калыңын берип сурансам жок дейт, ары жок кызыталак, эй Мотур, мен бул каадаланган Сарбоздун сөзүн уруп ойногонум жок, анын чычкандай кызын сага алып бере албай калыпмынбы, көрсөтөм мен ага, жигиттериңе айт менин буйругумду, таап

келишсин тиги Акмузду, Акмуз болмоктон Көкмуз болсо да. Эми сен ага мен тирүү турганда үйлөнөсүн деп, итирелеңдеп ачуусун токтото албай бакырды Жааба бий.
- Атасынын көрү томояк десе, сурансам жок дейт, деп дагы эле жинин баса албай далайга жүрдү Жааба бий.
Мындай сөздөрдү уга албай турган Мотур заматта жигиттерине буйрук берди, Акмузду жердин астынан болсо да таап келгиле деп. Өзү болсо кудуңдап сүйүнүп молдону чакыртты нике кыйганга, туугандарын чакырып, келин келгенге даярдана баштады.
Акмуз бул күздүн күндөрү күнүгө талаада буудай оруп жыйып жүргөн убак эле. Салкын түшө баштаганга карата, күн жылуу болуп турганда шашылышып апасы Ширин экөө жыйым-теримди бүтүрүп жиберишке аракет кылып иштеп жүрүшкөн. Бир күнү Акмуз апасы Ширин экөө орок менен буудай оруп жүргөндө Ширин бир аз сыркоолоп калды.
- Апаке, сен үйгө бара бер, барып ысык жатып тур, мен Куюн келгенде анан экөөбүз келебиз үйгө, деп талаада калды иштеп жалгыз Акмуз.
Мотурдун албеттуу жигиттери талаада жалгыз иштеп аткан Акмузду кокустан кармашып, араңдан зорго көпчүлүккө салып, эптеп колундагы орогу менен кошо байлап, атка өңөрүштү. Экөө Акмуздун орогунан жаракат алып, анын оозуна чүпүрөк тыгышып, кыйкырганын эч ким укпасын, эч ким көрбөсүн деп ала качышып күүгүмдө Мотурдун үйүнө алып келишти.
Кыргыздарда ал убактарда кээде бир катуу тоскоолдук болгондо жигиттер кызды алып качып үйлөнүшчү. Эми көбүнчөсүн муну кээде үйлөнүүнү тездетиш үчүн, же кээде шашылыш түрдөгү абалга байланыштуу болгон үчүн, кыз тарап менен жигит тарап макулдашып эле кызды атайылап качырышкан. Мисалы, кыз жигит бири бирин жактырышып, бирок кыздын ата-энеси ал жигитке макулдугун бербесе, же кээде кыз боюнда болуп калып, тез турмушка чыгышы керек болгондо, дагы башка шашылыш шарттарда  кызды атайылап качырышкан.
Кыргыздын кээ бир жигиттери кыз ала качууда үйлөнүүнүн оңой жолун таап муну адат кылып алышкан. Алар өздөрүнө толук ишенбеген жигиттер десек да жаңылышпайбыз, ал жигиттер сүйүп калган кыздарына жетишке көп кыйналып аракет жасаса да, ал кыздардын да сүйүүсүнө жетише албай турганына көзү жеткендер. Кээде кээ бир кыргыздын жигиттери куру намыска да алдырышкан, кыздын тагдыры эмне болот деген аларга ой да келген эмес, сүйүп калган кыздары карабай койсо, анда мына сага деп аларды ала качышкан.
Бирок, кээ бир учурларда кыздын эркине каршы эле кыз ала качкан учурлар да көп болгон. Ала качып кетилген кыздардын басымдуу көбү кайра ата-энесиникине кайтпай келин болуп олтуруп калышкан, өздөрү алып качкан жигитке турмушка чыкканды каалабаса да.  Көбүнчөсү, кайра кайтып келгиси келсе да ал кадамга баруудан коркушкан. Себеби, кээде ата-энелери, туугандары кыздын кайтып келгенин жактырышбайт ко деп, кээде, ал кызды мурда жакшы көргөн жигити карабай коёт эми деп да коркушкан. Кайра келген кызды ал айылдагы эмес, башка жердеги уккан жигиттер да карабай калышкан. Дагы бир нерсе, мен калбайм деген кыздар жигиттин ата-энесинин каргышына калабыз деп да коркушкан.
Анткени, жигиттин апасы, аял туугандары ал кызды коркутушчу:
- Эгерде сен кетип калсаң, анда сага биздин каргышыбыз тийип эч качан күйөөгө тийбей, кудайдын да каарына калып өмүр бою кара далы болуп өтөсүн деп айтышкан.
Кээ бир кайтып келген кыздар, өздөрүнүн күйүтүнө, элдин сөздөрүнө, дагы башка ага терс мамилелерге чыдабай өздөрүнүн жанынан кечишкен. 

( Маалымдама: Кыргызстанда эгерде алып качып келинген кыз жигиттин үйүндө бир түнгө калса, анда ал кызды булганды деп эсептешкен, кыз менен жигиттин ортосунда эч нерсе болбосо да. Ал кыздын кийин башка жигитке күйөөгө тийиши кыйын болгон, ал кыздар уурдап качкан жигитке турмушка чыгууга макул болушкан. Кээде болсо, кыз ала качуу кээ бир тыйуу салган адаттардан аттап өтүү үчүн жасалган атайыланган ала качуу болгон. Мисалы, кичүү сиңдиси күйөөгө тие албаган, андан улуу эжеси күйөөгө тие электе. Анда кыздын ата-энеси ачык макулдугун бере албай кичүү кызына, ошого кичүүсүн ала качышкан. Бирок, бир аздан кийин үйлөнгөн жаштар кыздын ата-энесинин алдына келишкен, бирок кыздын ата-энеси аларды кабыл албай «кууп жиберишкен». Анан жаштар балалуу болушканда кыздын ата-энеси аларды «кечиришкен».
Советтер Союзу убагында кыз ала качуу өтө жашыруун түрдө сейрек учураган. Союз таркагандан кийин бул адат кайра күч ала баштады. Эми кээ бирөөлөр айтат, кыз ала качуу бул эскиден калган адат деп, бул кызды кыйнап мажбурлоо эмес, бул алдын ала пландаштырылган үйлөнүүгө же турмушка чыкканга көмүскө качуу деп да айтышат.  Кээ бирөө айтат, кыздар өздөрү качканды чоң ардак деп эсептешет, демек биз ошол ала качкан жигитке татыктуубуз деп айтышат. Кыз ала качуу Кыргызстанда мыйзамсыз болсо да, эл өкмөттү кыздарды ала качуудан коргой албай жатканын айтышат. Жылына, божомол боюнча, он беш миңдей кыз ала качуу фактысы болот.  Уурдалып ала качылган, ошондо  коркуп калган  кыздардын арасында психикалык оорулар да  көп учурашат. Жыл өткөн сайын Кыргызстанда кыз ала качуудан жаралган үй-бүлөлөрдүн саны кыскармак турсун көбөйүп бара жатат.  Мисалга айтсак, 2007 жылдан 2008 жылга чейин кыз ала качуу менен курулган үй-бүлөлөр жалпы үйлөнгөндөрдүн 68 пайызын түзгөн, анын ичинен 51 пайызы кыздын эркине каршы түзүлгөн үй-бүлөөлөр, ала качылган кыздардын 22 пайызы тие турган күйөөсүн мурда тааныбай турмуш курушкан.  Кыз ала качууну кыргыздын илгертен калган традициясы деп эсептешкени менен бул иш Кыргызстан  мыйзамында кылмыш катары каралат жана күнөлүүлөр 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинин 155-беренесине ылайык ушундай жаза каралган, бирок бир да киши бул берене боюнча кылмыш жазасын бүгүнкү күнгө чейин алган жок. Кыз ала качуу фактыларынын көбөйүүсүнө  азыркы эмгек миграциясы да түрткү болуп жатат. Көп жигиттер Кыргызстанда кыздарды алып качышып үйлөнүп, анан ал кыздарды жигиттин ата-энесине таштап, өздөрү Россия жана башка өлкөлөргө жумушка барышып башкадан башка кыздарга үйлөнүп жатышат.)

Мотурдун үйүндө болсо молдо тезинен  шашылып нике кыйды, Акмуздун каршы болгонуна, кыйкырып макулдугун бербегенине да укмаксан болуп Мотурдун көзүн караган молдо өз жумушун тез бүтүрдү. Акмуздун эки колун артка эки аял кармап, башына келиндин белгиси болгон ак жоолукту араң салышты,  Акмуз бир мүнөт да тынч албай кыйкырып жатып үнү кырылдап, ыйы да басылбай атты. Беш-алты аял ак көйнөк кийгизишти, эки үч аял тынбай Мотурду мактап жатышты:
- Эми Акмуз эсиң менен бол, сен эстүү кызсын, таш түшкөн жерде оор дегендей, сен бир бечаранын үйүнө түшкөн жоксун, сен атагы заңгырап бүт кыргыз элине жеткен Жааба бийдин келини болдуң, Мотур жаман жигит эмес, деп бири айтса.
- Акмуз сенин эми башыңа байлык келди, бакыт башыңа конду, созулган келин болосун, эч нерседен кем болбойсуң, деп экинчиси айтса.
- Ата-энеңе айттырдык, эртең келишет, макул болушту, сүйүнүштү, деп алдайт үчүнчүсү.
  Акмуз эч кимге ишенген жок, ал жалынып жалбарып аялдарга аны коё берүүсүн суранды. Эч токтобой атырылынып, Куюнду чакырып, апалап, аталап ыйлап, үнү кырылдап аларды чакырып жатты.
Куюн талаадан Акмузду таппай Сарбоздун үйүнө келсе Ширин төшөктө ооруп жалгыз  жаткан болот. Куюн айылды кыдырып Акмузду ар кимден сурап издеп таппайт. Акмуз талаадан эле тим кайым болуп жоголуп кеткендей. Анан Куюн күтүп олтуруп бир оокумда гана түн жарымда үйүнө кетти, балким Акмуз бир жакка бирөөнүкүнө кеткендир, келип калаар,  эрте менен келем деп.
Ошентип, Акмуз менен Мотурга нике кыйылып, Акмуз экинчи аял болуп калды. Мотур бир убакта, Акмуздун эки колун байлатты, тиштебесин деп оозун чүпүрөк менен жапты. Анан Акмузду төшөккө жаткырып бозого тойгон зөөкүр аны зордуктап кирди. Жулунган Акмузду токтото албай аны бир эки жолу катуу муштап чаап да жиберди. Килтейген зөөкүр ойлогон максатына, ой-тилегине жетти. Кудайдын алдында таптаза жапжаш сулуу, периштедей Акмуздун кыздыгынан айрылтып, шашпай катары менен өчүн алгандай зордуктады. Акыры шайы кетип Мотурду уйку басты.  Мотур уктагандан кийин, Акмуз томолонуп жатып, боз үйдүн ортосундагы күйүп өчөйүн деп аткан  отко жетти, колунун күйгөнүнө чыдап аялдар байлаган колундагы жипти күйгүзүп атып араң колдорун бошотту. Анан акырын барып өзүнүн орогун, дагы бир бычакты тапты. Мотур болсо жып-жыңалач болуп төрдө коңурукту кер тартып мээмиреп уктап жаткан. Жана эле аны зордуктаган зөөкүрдү көрүп жини келгенинен Акмузга кайдандыр эбегейсиз күч-кубат пайда болду. Акырын келип өзү курчуткан ороктун учу менен Мотурдун жүрөк тушуна матырып алды. Мотур бир бакырып жанын берди окшойт. Акмуз бычак менен да бир жолу моюнга малып алды. Бары жокко кан жайыла берди. Мотурдун ачуу кыйкырыгын  угуп уйку-соо бир сакчы жигит кире келгенде, Акмуз аны да орок менен катуу моюн тарапка сокту да, бычак менен ичке койду. Эшикке кан болгон орок менен чуркап чыгып, байланып турган атты бошотту да минип качып жөнөдү. Мотурдун үйүнүн жанындагылар ойгонуп, караңгыда эмне болгонун түшүнүп көрүшкүчө, Акмуз үйүнө атчан чаап келди.
Апасы Ширин кызын күтүп уктабай ыйлап отурган болот.   Анын кан болгон кийимин көрүп апасы чочуп да кетти.
Тез-тез болгон окуяны апасына айтып, Акмуз качканга даярдана баштады.
- Мен азыр тез качып кетишим керек Мотурдун жигиттери келгенче, Куюнга айтып кой апа, мен аны сүйөм, аны күтөм, азыр жогорку Айлама жайлоосуна кеттим, атама жолукканга аракет кылам, деди Акмуз.
Шашылып бир аз кийим, тамак-аш, орогун, бычак алып жолго түштү.
- Кайыр апаке, мен кеттим, мен сени сүйөм, бир аз тынчыгандан кийин келем, аман бол, кош кайыр, жакшы тур, деп Акмуз шашкан бойдон жогору карай жайлоолор тарапка ат салды.
- Кайыр кызым аман бол, атаңа бар, менден кабатыр болбо, деп бетинен өөп апасы кала берди.
Мотурдун үйүндө эл кыйкырык-сүрөңгө түштү, чуру-чуу болду, анын жигиттери чогулду, Жааба бий бакырып ыйлап келди.
- Ой жигиттер эмне турасынар, чапкыла тигил Сарбоздукуна, шүмшүк мыкаачы кызды таап келгиле, деп буйрук берди.
Ушинтип, аңгыча Мотурдун жигиттери Сарбоздукуна жеткиче, Акмуз айылдардан кыйла алыстап калды, эч ким көрбөсүн деп айылдарды айланып өтүп атын чаап баратты.
Акмуз атасынан көп укчу, Айлама жайлоосунда көп үңкүрлөр бар экенин, ошол үңкүрлөрдө илгери адамдар жашаганын. Акмуз ошолорду таап биринде убактылуу жашап турууну чечти. Эртеси гана ал Айламага жетип бир чон үңкүрдү тапты. Андан кийин жайлоолорду акырын жашынып кыдырып атасын издей баштады. Күз келип, жайлоодогулар кыштоолорго жөнөгөн убак келип калган.  Акмуз күндүзү көрүп жатты, тээ алыста чууруп-чууруп короо-короо кой, уйлар ылдый тарапка баратканын. Акмуз кайчылаш өтүп, ошентип жайлоодо атасына да жолуга албай калды.  
Мотурдун жигиттери Сарбоздун үйүнө келип Ширинди суракка алышты. Ширин Акмузду кайда экенин айтмак турсун, Мотурду каргап шиледи. Жигиттер Ширинди камчы менен өлгөндөй сабашты, бирок Ширин айтпай койду Акмуз жөнүндө бир да сөз. Жигиттер Ширинди байлап атка өңөрүп Жааба бийге алып келишти.  Жааба бийге да Ширин эч нерсе айтпай, аны да каргап кирди.
- Ой, өлүк тиригиңди көргүр зөөкүрдүн атасы, кызымдын убалы кимге, өлтүрсөң мени өлтүр, кызыма тийбе, анда эмне күнөө, Мотур зөөкүрдүн кылганы эмне, сооп болот, чала болот андай зөөкүргө, деп кыйкырып жатты Ширин.
Шириндин айткандарына чыдабай Жааба бий жигиттерге аны ары алып барып союп салгыла деп буйрук берди. Ошентип эки күндүн ичинде үчүнчү адамдын өмүрү кыйылды. Кызынын айынан күнөөсүз эле Ширинди да өлтүрүп тим болушту.
 Эл-журттун сүйлөгөнү эле ушул окуя жөнүндө болуп калды, ачык айткандан коркушканы менен көпчүлүгү эле Акмуздун эр-жүрөктүгүнө, тайманбастыгына таң калып жатышты, анын жасаган эрдигине ыраазы болушту. Жааба бий менен Мотурду эл-журт мурдатан да өтө жек көрө башташты. 
Куюн болсо эртеси таң атпай келип Ширинди да үйүнөн тапкан жок, андан кийин кайра талаа жактарды издеп, айылма айыл кыдырып сурамжылап да көрдү. Кечиндеси кана  Куюн Ширинди Жааба бийдин жигиттери өлтүргөнүн, Акмуз Мотур менен сакчысын өлтүрүп качып кеткенин укту. Жааба бийдин жигиттери эмнеси болсо да Куюнду билет Акмуз кайда жашынганын деп, Сардектин үйүнөн Куюнду таап суракка алышып, эч нерсе биле алышпай эми аны  Жааба бийге алып барабыз дегенде, ал катуу каршылык көрсөткөндө, жигиттер аны өлгүчө сабап, буттарын сындыра чаап кетишти.
Куюн буттары баспай эч жакка жыла албай үйүндө жатып калды.
Ал досу Чээрди суранды:
- Чээр дос, сен тигил жогорку айылдар  тараптан, жайлоодон түшкөн малчылардан сурап көрчү, балким Акмузду бирөө болбосо бирөө көргөндүр деп.
Чээр атчан кыдырып айылдардан Акмузду сурамжылады, үчүнчү күнү гана жогорку айылдардын биринде бир абышка өткөндө түнү бир ак жоолукчан кыз айылдын чети менен жайлоо тарапка өтүп кеткенин көргөнүн айтты. Чээр Бороон экөө Куюндун буту оңолгуча эки-үч күндөн кийин жайлоо тарапка чыгып Акмузду издеп келүүнү чечишишти.
Айылда Чээр Сарбозго жардам берип, Ширинди жерге бергени келген  туугандарын тосуп аларды кайра Ошко узатышып калды. (Ош- Борбордук Азиядагы эн байыркы шаарлардын бири, 3000 жылдык тарыхы бар,  Сулайман тоонун этегинде жайгашкан, коло эпохасында адам отурукташкан, эн биринчи биздин кылымга чейинки IX-кылымдардагы летопистерде шаар жөнүндө жазылган, калкы- 231 миң киши (2011-жыл), Кыргыз Республикасынын Ош областынын борбору, Бишкектен кийинки экинчи маанилүү шаар)
Акмуз күндүзү көбүнчө үңкүрдөн чыкпай, кечкисин гана чыгып жүрдү, жайлоолордо кишилер жолугуп көрүп калбасын деп коркуп жүрдү. Кечиндесин суук боло баштады, тоңуп калбайын деп, кургак чөптөрдөн чогултуп келип кечинде от жага баштады. Акмуз бир жолу бир малчынын боз үйүнө кирип эч ким жокто, ал жерден ширеңке, туз, бир-эки төшөк, дагы бир керектүү эмеректерди алып келип алды үңкүргө. Атын да үңкүрдүн ичинде кармап багып жатты. Жакшы үңкүр чоң болгондуктан кенен эле батып жатышты.  Эң башкысы, малчынын мылтыгын патрондору менен алып алды. Ал малчы эртеси эле кыштоого түшүп кетти малы менен. Эми Акмуз эч нерседен коркпой да калды. Түндөсүн үңкүрдүн оозун бекем таштар менен жаап койчу.  Түнү жылуу да болуп калды от жаккандан бери. Түндөсү карышкыр, чөөлөр улуп чыгат. Күндүзү үңкүрдө отуруп көп ойго батып, апасы Ширинди эстеп, куурады го байкушум деп да ыйлайт. Кээде эсине Мотурдун жигиттери талаадан алып кеткени, Мотурдун зөөкүрлүгү, анан Мотур менен сакчыны кантип орок жана бычак менен ургандары түшөт. Экөө тең жан берген болуш керек, орок менен бычак терең эле денелерине кирип чыкканын эстеди. Буларды эстеген сайын кайра жүрөгү лакылдап коркуп да чыга турган болду.  
Эми жакын арада өз айылыма бара албайм го деп ойлоду Акмуз. Ал эмес ошол өрөөндөгү айылдардын бирине да барбаш керек, эгерде бирөө көрүп же билип эле калса Жааба бийге жеткиришет деп да ойлоду. Жааба бий эми Акмузду кармаса эле тирүү койбосуна көзү жетип турду.  Күндөн күнгө үңкүрдө суук боло баштады, кээде жайлоодо эртели кеч кар да жаай баштады. Акырындап эт да түгөнө баштады, акыркы күндөрү эт эле калган болчу. Карышкырлар да адамдын жытын сезеби күндөн күнгө түндөсүн жакыныраактан улугандай сезилет.
Акмуз аргасыздан айылдарга жакыныраак жерге ылдый түшүүгө мажбур болду. Акмузду жана анын жакындарын тааныбаган эң четки айылга жакыныраак барышты туура көрдү. Күндүзү эч ким көрбөй тургандай жай табыш керек эле. Атты да багыш күндөн күнгө кыйын болуп баратты. Издеп издеп атып акыры көрүстөндөгү бир илгерки байдын күмбөзүнө жайгашты. Күмбөздүн ичи кенен жана бүт тарабы жабык болуп эч нерсе көрүнбөйт экен. Атты болсо алысыраак жерде каралбай калган бир жайкы сарайдын ичине байлады. Анын ары жак бери жагын тосуп, эч ким кирбей турган кылып чыкты. Атка түндөсүн от ташып турду, суу да берип дегендей.
Көрүстөн айылдан бир чакырымдай жерде жайгашкан, ал жакка киши деле басып келчү эмес, бирөөлөр эле куран окуганы, же өлгөндү көмгөнү эле келишпесе.  Көрүстөндөн Акмуз мурда коркчу эле, азыр да биринчи күндөрү уктай албай чыкты, кийин көнө баштап уктай да баштады. Күмбөздүн ичине очок жасап, ага отту түнү гана жага турган болду. Көрүстөндө күнү-түнү жымжырт болуп, күндүзү кечке Акмуз күмбөздүн оозун жаап алып уктайт. Түн жамынып, карышкырга окшоп «ууга» чыкчу айыл тарапка.  Түнү айылдагы элдердин короосундагы турган нерселерден уурдап жүрдү. Бир жолу бирөөнүкүнөн тоок да уурдап келип бышырып жеди. Жер-жемиштерден алып келе баштады. Иши кылып эмне колуна тийип калса эле күмбөзгө ташыды. Айылдын иттери эле болбосо Акмузду эч ким деле көрбөй атты.
         Чээр менен Бороон экөө жайлоодон түшкөн малчылардан сурашты, ушундай кызды көрдүңөрбү деп аларга Акмузду сүрөттөп, бирок, эч ким Акмузду көрбөптүр да, укпаптыр да. Ылдыйкы жайлоолорду карап, Айламага бир тийип экөө Акмузду таппай айылына кайра кайтып келишти.

- Биз Бороон экөөбуз бир жума издеп келдик, эч жерде жок болуп атат, Айламада да жок, малчылар бири да көрбөптүр, мен ойлойм ушул Акмуз Фергана өрөөнүнө өтүп кетти окшойт, эми Куюн да басып калса ошол жакка барып издейли, деди Чээр Сарбозго.
- Мен кызымдын же тирүүсүн же өлүгүн табышым керек, жакшыраак даярданып алалы, жол алыс, күзүндө татаал, ашууларга кар жаап койду болуш керек, деди Сарбоз.
Акмуз көрүстөндө жашап жүргөнүнө эки жумадай болуп калды. Баары бир бул жерде узакка калыш коркунучтуу эле. Анткени эртели кечпи бирөө албетте жолугуп же көрүп калмак айылда түнү, тойлордо же бирөө каза болгондо көп үйлөрдө эл түнү да уктабай. Анан айылда түнү жаштар, айрыкча сүйүшкөндөр түнү көп жүрчү эки-экиден болушуп шарактап күлүшүп, кээде бир жерде олтуруп алышып түнү менен шыбырашышып чыгышат.
Күн өткөн сайын Акмуз Куюн жөнүндө да көп ойлоно турган болду. Эмнегедир Акмуз Куюн менен жолуккусу келбей атты. Акмуздун ою боюнча, ал Акмуздун эмне болгонун, эки адамды өлтүргөнүн, нике кыйылганын да укту, боз үйгө Мотур алып кирип жатканын да укту, мындайларды уккандан кийин ал эми карабай коёт деп да ойлоду. Кээ бир ошолорду көргөн айылдагылар Куюнга ого бетер көркөмдөп айтып берген чыгар деп да ойлоду.
Акмуз мурда дайым ойлочу, сүйгөнүм Куюнга мен өзүмдүн таза денемди биринчи болуп тартууласам деп.  Эми мына тагдырдын жазганы, кыздыгын да жоготту, жада калса зөөкүр Мотур менен никеси да бар. Бирок, кудай ал никени кабыл албады болуш керек, мен макулдугумду берген жокмун, бул зордоо жолу менен кыйылган никени кудай көрдү да, менин ыйымды, каршылыгымды уккандыр кудай деп да ойлоду.
Акмуз Мотур ошол эле замат өлгөнүн, анын сакчысы эртеси алган жараттардан каза болгонун билбейт эле. Бул эки өлүм, анан Шириндин өлгөнү бүт өрөөндөгү айылдарга тарады.
Жааба бий бүт айылдарга жарыя салды:
- Эгерде кимде ким Акмузду тирүүлөй же өлүгүн алып келсе, же анын кайда жашынганын маалымдаса, анда ал кишиге он жылкы, жыйырма бука, жүз кой сүйүнчүсүн береерин айтты. Жааба бий бул жөнүндө коңшу урууларга да чабармандарды жиберип жар салды.
Бир жолу Акмуз күтүлбөгөн жерден түндөсү айылдык бир эркек кишини жолуктуруп калды. Экөөнүн ортосу жакын эле болчу, Акмуз ал кишини көрөөрү менен талааны көздөй чуркап жөнөдү. Тигил айылдык киши жалтанбастан артынан кыйла жерге кууп барып анан кайтты, ал Акмуздун ак жоолугун, колундагы орогун даана эле ай жарыкта көрдү. Тилекке каршы анын ким экендигин даана тааный алган жок. Эртеси ал айылдыктарга көргөнүн айтып берди. Ошентип, ал айылда орок көтөргөн ак жоолукчан келин жөнүндө миш-миштер тарай баштады. Кээ бирөө аны бул көзгө түнү көрүнгөн албарсты деп жатышты. Кээ бирөө болсо бул бирөөнүн арбагы деп, кээ бирөө ишенбей, коркконго кош көрүнөт деп күлгөндөр да болду.
Анан айылда үйлөрдөн ар кандай жандыктар, кээ бирөөнүн тоогу, кээ бирөөнүн тоок жумурткалары жоголсо, бирөөнүн эшикте турган кумура менен дагарасы да жоголуптур. Бирөөнүн короосунан тамак-ашын, сүтүн  көтөрүп кетиптир.  Айылдын элдери бул жоголгон нерселерди орок көтөргөн келинден көрө башташты. Бул  жөнүндө көп айылдарга ушак, миш-миштер  жетип, Жааба бийге да кабар жетти. Жааба бий бул ошол Акмуз болсо керек деп да ойлоп кишилерин бул айылга жиберди, бирок алар эч нерсе таппай кайра кайтышты.
Акмуз болсо бир жумалап жоголуп кайра пайда болуп жатты түнү айылда.  
Бир жолу адаттагыдай Акмуз түн жамынып айылды көздөй баратып көрүстөндөн жарым чакырым узаганда, жүгөрү эгилген талаанын кырында биртке эс алганы отурганда бир кыздын ачуу кыйкырып жардамга чакырган үнүн укту. Акмуз кулак салып чыккан үндөрдү угуп, бир топ жигиттер бир кызды уурдап ала качканы же зордуктаганы жаткандай сезилди. Акмуз акырын үн чыккан тарапка жылып келди да караңгы тараптан орогу менен тиги жигиттерге бакырган бойдон кол салды. Орогу менен эки жигитке тийди эле, баардыгы кыйкырган бойдон чилдей төрт тарапка тарап,  «орок» жана «келин» деп кыйкырышып айылына качышты.
Ошондон кийин Акмуз бул айылда «Орок келин» деген атка конду. Тиги жардам сурап кыйкырган кыз да коркуп кыйкырып айылды көздөй үйүнө качты. Ошентип, Акмуз биринчи жолу алып качуудан бир кызды куткарды. Ал кыз болсо аны алып качуудан бул табышмактуу куткарган белгисиз ак жоолук орокчон келинге миң мертебе ыраазы болуп жүрдү. Алып качам деген жигитти ал кыз жактырчу эмес.  Ал эми жарат алган жигиттер жана кыз ала качууга баргандар элдерге Орок келиндин түнкү чабуулун дагы ого бетер көркөмдөп айтып беришти.
- Ой энеңди, Орок келин аябай күчтүү экен ай, орокту бычактай эле көтөрүп урат экен, деп бири айтса.
- Орок келин ой, эй бою менден узун экен, бир секиргенде үч метрге жөн эле секирет экен, дейт экинчиси.
- Сулуулугун айтпа Орок келиндин атасынын көрү, бир кучактап өпсө, деп айтат үчүнчүсү.
Ушундай сөздөрдөн кийин айылга дагы көп миш-миштер тарады.
Орок келин кыз ала качам дегендерди кууйт экен, ошолорду өлтүрөт экен, алып качалы деген кыздарды куткарат экен деген ушактар да тарады. Иши кылып кыз ала качам дегендер тынчып эле калды айылдарда. Бардыгы Орок келиндин каарынан корко башташты. Түндөсү да жигиттер, кыздар аз басып калышты айылдын четине.
Акмуз дагы эле ошол айылдын четинде жүргөн коркунучтуу боло баштаганын сезди. Ал ары бери ойлонуп Фергана өрөөнүнө өтүп кетишти чечти. Жолго даярдана баштады, азык-түлүк жана жолго керектүү нерселерди чогултту. Акмуз аны теги эле эч ким укпаган алыс жакка кеткиси келди жолдун кыйындыгына карабай. Фергана өрөөнүнө жол алыс да, коркунучтуу да болчу. Издеп жүрүп мылтыкка патрондорду да тапты бирөөнүкүнөн, жолдо карышкыр, чөөдөн коргонгону. Бут даярдык бүткөндө Акмуз атын алып чыгып түнү жолго чыкты.
Күз күчүн жогото электе, кычыраган кыш баштала электе, мүмкүнчүлүк болуп турганда Талдык белин (бийиктиги-3615 метр)  ашып алса эле, андан ары береселүү Фергана өрөөнүнө түшүп кетиш оңой эле.  Акмуз мурда уккан болчу, Фергана өрөөнүнө 5-6 күндө барса болот деп. Акмуз кербендер, элдер жүргөн жол менен жүрсө болмок, бирок жолдо Жааба бийдин кишилери жолугуп калабы деп чоочулады. Ошондуктан, Акмуз айланып өтмөй жолго салмай болду, ал негизги жолдон өтө деле алыс эмес эле. Бирок ал жол негизги жолго караганда бир аз татаалыраак деп айтышкан. Ага да карабай, Акмуз ач кулактан тынч кулак дегендей, ошол айланма жолго салды. Белге чейин жол жакшы эле арып келди, жолдо күндүзү отун камдап, түндөсү  бир үнкүрдө түнөп эртеси эле белге жетип барды. Белде кадимкидей кыш болуп туруптур, белге көтөрүлгөнгө эле бир күн кетти. Түндү белдин жакасында эле бир таштардын далдоосунда эле өткөргөнгө мажбур болду. Карышкырлар кайдандыр пайда болду эле, аларды мылтык атып коркутуп уктаган да жок. Аты аябай кыйналды, анын такалары да эскирип түшүп калды.  Кардан жана муздан аттын тамандары канады, белди ашып ары карап түшө баштаганда бир тике ылдыйыш жерден ат мүдүрүлүп кетип кулап кетти,  жарадар  болгон ат тура албай калды. Акмуз аттын мойнун кучактап ыракматын айтып ыйлап  коштошконго туура келди. Ошентип Акмуздун аты белде карышкырларга жем болуп кала берди. Акмуз мылтыгын алып, азык-түлүктүн калганын алып, калганын таштап ылдый жакка түшө берди. Акыры капчыгай башталып, дарактар көрүнүп, биринчи айыл баш бакты. Биринчи айылда татаал белден кийин бир күн көрүстөндө эс алды.  Эртеси андан ары жөө жөнөдү капчыгай менен. Алыстан жолоочулар көрүнсө эле бир жакка жашынып жол басып олтурду. Анан экинчи айылдын четинен бир токулган эшекти уурдап минип алды. Эшек менен түз жерлерде жакшы эле жол арытты. Эшек атка караганда түйшүгү да аз болду. Бир жума өткөндө Акмуз эшеги менен Ошко жакындап калды. Жолдо баягы эле көнгөн көрүстөндөргө конду. Жолдо ар жерден эмне тапса ошону жеп барды. Эми жолдогу айылдар Акмуз учун коркунучтуу эмес болуп, кадимкидей үйлөрдөн кээде нан сурап да жеп жүрдү. Ошко биртке калганда Акмуз Карасуу тарапка бурулду. (Карасуу  району Оштун түндүк-чыгыш жагында жайгашкан, Өзбекистан менен чектеш жерде, Шарихан-сай магистралдык каналы өткөн жерде)
Акмуз эшегин минип алып жашай турган ыңгайлуу жер  таппай көпкө жүрдү. Бул жердеги көрүстөндөрдө Алайдагыдай чоң күмбөздөр да жок экен. Жолдо каралбай калган сарайларда түнөп жүрдү. Эми көрбөгөндү көрүп, ачкачылыкты моюндан өткөрүп чарчап эмне кылышын билбей башы маң болуп баратканда бир айылга жетпей бир дөбөнүн башында мечитке окшогон бир чакан имарат көрүндү. Акмуз көп ойлонбой эшегин ошол тарапка айдады.  Бул дөбөнүн аты Айт-Дөбө эле. Бул дөбөдө мусулмандар илгери айт майрамын белгилешкен (орозо айт- рамадан айынын аягында белгиленет, курман айт – рамадан айы бүткөндөн 70 күндөн кийин белгиленет). Ушул дөбөдө илгери өз жерин баскынчылардан коргоп курман болгон белгисиз кишилердин көмүлгөн жери болчу. Ошондуктан, мусулман майрамдарында коңшу айылдардын элдери Айт-Дөбөгө келип, ушул жерде курман болгондорго куран окушуп зыярат кылышкан. Дөбөнүн чокусундагы чакан мечитти көп жылдар мурда бир Каар деген молдо курдурган эле. Мына ушул Каардын Айт-Дөбөдөгү мечитине Акмуз убактылуу жашай турушту чечти. Айт-Дөбө жакын турган айылдан бир чакырымдан ашыгыраак жерде болуп, эл жүргөн жол алысыраак жерден өтүп, адамдар кээ убактарда гана Айт-Дөбөгө барышат эле. Жакын турган айылдагылар айтышчу, Айт-Дөбөнүн ээси бар, чоң ак сакалчан чал ошол Каардын мечитинде жашайт, Каардын арбагы мечитти жана Айт-Дөбөнү кайтарат деп.
Акмуздун Алайда жашап жүргөн айылында элдер аны катуу издөөгө алышып, бирок Орок келинди эч жерден таппай коюшту. Куюндун буттарынын сөөктөрү айыгып бир аз басып калганда, Сарбоз, Бороон болуп Орок келин жөнүндө угушуп ал айылга келип Акмуз эле болуш керек деп ойлошуп аябай издешти. Акмуздун изин алар көрүстөндүн ичинен табышты, чоң күмбөздүн ичинде адам жашап кеткенин байкашты. Бул табылганы алар эч кимге айтышканы жок. Алар эмнеси болсо да Акмуз тирүү экенин сезишти  да аябай кубанышты. Эми Акмуз жакын эле жерде болуш керек деп ойлошуп дагы айланадагы айылдарды, тоолорду аябай издешип бир айдан кийин табышпай кайра кайтышты. Алар эми ойлошту, Акмуз жакын жерде болсо, анда бир аз убакыттан кийин өзү пайда болуп калаар, же кабарын  билдиреер дешти.
Алайдын төрүндөгү мурда Акмуз жашаган айылга чейин Орок келин жөнүндө миш-миштер тарап жетип жатты. Ал миш-миштердин көбү өтө эле жүрөктүн үшүн алган коркунучтуу Орок келин жөнүндө угула турган болду. Аларды угуп Жааба бий да ойлонуп отуруп, ошол Орок келин Акмуз болуп жүрбөсүн деп ойлонуп коркуп да жүрдү.

- Эми болгон иш болду, Акмузду издөөгө салбай, ал жөнүндө суратпай эле койоюн деп ойлоду Жааба бий.
Жааба бийдин жигиттери да Акмузду издегенден коркуп калышып, жалтакташа башташты. Анткени, Орок келин кыз алып качкандарды орок менен өлтүрөт экен, түн жамынып айылдарды кыдырып, кыз ала качкандарды издеп жүрүптүр деген да имиш тарап кеткен эле. Орок келин бир айылда кыз ала качкан бир жигитти талаада орок менен так жүрөгүнө сайып өлтүрүп кетиптир деп айтыша баштаган.
Муну уккан Жааба бий Орок келин кадим эле Акмуз экенине ишенди, анткени Акмуз Мотурду да орок менен жүрөккө сайып өлтүргөн эле. Жааба бий коркконунан жанындагы сакчыларын көбөйттү. Кечиндеси жана түндөсү Жааба бий эшикке чыккандан да коркуп, жан сакчылары аны күнү-түнү  кайтара башташты.
Ал эми айылдардагы бойго жеткен кыздарга кудай берди Орок келин жөнүндө миш-миштер пайда болуп, алар жигиттерге айта башташты, эгерде уурдап ала качсаң Орок келинге айтып барам арызданып деп. Орок келин укса анда менин өчүмдү алып берет да, ал эми  сени орок менен  өлтүрөт деп коркутуша башташты кыздар балдарды.
Акмуз Каар чалдын мечитинде жашай баштады, күндүзү бирөө көрбөсүн деп, мечиттин бир адам батаарлык чатырынын астына жашынып кечке эс алып уктайт эле. Түндөсү мечитке түшүп шам жагып, отун терип келип тамак бышырып жейт эле. Түндөсү караңгыда жакынкы айылдардан Каар чалдын мечитинен бүлбүлдөгөн жарыкты көрүшүп, элдер бул эмне болду экен деп таң калышкан. Бирок түндөсү мечитке баргандан элдер коркушуп, элдер  айтышчу, ал жарыкта Каар чалдын арбагы жүрөт деп, кээ бирөөлөр ак кийимчен аял көрүнөт деп айтышчу.
Түндөсү Акмуз жакынкы эки айылга «ууга» барып турган эле. Ар кимдин короосунан тамак-аш, азык-түлүк алып келип жечү эле мечитте. Бир жолу мечитте отуруп Акмуз курсагы бир аз чоңоюп калганын сезди.
- Апеей-да, күндүзү кечке уктап, түнү тамак жеп семире баштагамын го деген ой кетти Акмузга.
Бирок, кийинки убакта курсагы күндөн-күнгө чоңоюп баратканы Акмуздун өзүнө байкала баштады.  Ойлонуп отуруп акыры Акмуз кош бойлуу экенине көзү жетти. Көп уктаганынан, кээ бир тамакка көңүлү жок болгону, кыш болгонуна карабай өрүк жегиси келгени ошол ойду далилдеп турду. Кош бойлуу экенин билгенден кийин Акмуз күнүгө ыйлай да баштады. Ал ичиндеги Мотурдун кан-тукумун көргүсү келген эмес эле. Бул ичиндеги төрөлүп келе жаткан ымыркайды азыртадан эле жек көрө баштады. Ошол ымыркайды кусканда чыгып кетсе экен деп самачы. Ошол ымыркайдан төрөлгөнгө чейин кантип кутулсам экен деп ойлоп эчтекени  биле албады. Күндөр айларга айланып жаз да келди. Акмуздун ичи чоңоюп, ал мечиттин чатырына да чыга албай калды. Өлбө жаным өлбө болуп жашап келе жаткан Акмузга жашоо эми кыйынга айланды.
Акмуз аман калыш үчүн ага бир эле жол калды, ал айылга барып бирөөдөн жардам сураш керек эле. Суук өткөнбү, Акмуздан  жөтөл кетпей ооруп да атты. Күн өткөн сайын айылга түнү барып бирдемке жегенге табыш да кыйын болуп калды. Күндөн күнгө Акмуздун алы кетип, оорудан оңоло албай койду.
Бир күнү эмнеси болсо да айылга жетип жардам суроону чечти, акырын эптеп дөбөдөн түшүп, баса да албай жөрмөлөп атып айылдагы эң четки үйгө жетти. Айылдын аты Савай болчу, ушул айылды негиздеген кишинин атындагы айыл. Акмуз араң жеткен четки үй жылкычы Мураттын үйү эле. Акмуз айылга томолонуп жеткиче түн да кирип кеткен,  Мураттын үйүндө жалгыз гана байбичеси Акүш отурган эле.
Мураттын эки уулу болгон, алар чоңойгондон кийин жумуш издеп коңшу өлкөлөрдө иштеп жүрүшкөн. Чоңу Өзбекистанга кетип, кичүүсү Казахстанда эле. Мурат өзү туугандарына Өзгөн (Кыргызстандын эң байыркы шаарларынын бири, эки миң жылдан көп мурда негизделген шаар, азыр райондун борбору) жакка кетип эки-үч күнгө, ошого Акүш үйүндө жалгыз отурган.  Акүш эч нерседен коркпогон каарман аял болчу, түндөсү деле коркпой чыга берчү көчөгө.
Бул күнү кечинде Акүш эч кимди күткөн эмес, эми уктайын деп жатканда терезени бирөө каккандай болду. Акүш терезеге мышык же башка бирдеме тийген го деп ойлонгуча, дагы акырын каккан үн чыкты да токтоп калды.
- Ий ботом, эмне эле болуп жатат бул мышык деп ойлоду Акүш. Келип терезени караса эч ким көрүнбөйт, мышык эмес балээ да.
Терезени акырын каккан Акмуз болчу, ал эптеп терезеге жетип кагып анан кайра кулап жатып калган болчу үйдүн дубалынын түбүндө.
Акүш аябай сезгенчеек болчу, анын кулагына терезе тараптан бирөөнүн кыңшылаганы, онтогону угулду. Акүш бул бир итпи же бул эмне, аялдын үнүнө да окшоп кетти, балким бирөө өзүн жаман сезип же ооруп жардам сурап келгендир деп да ойлоп, эшикке чыгып карайынчы деп чечти. Айылда Акүштү бакшы дешчү эле(бакшы деп мурда кыргыздар, дубалап окуп, ар кандай табигый дарылар менен ооруну дарылагандарды айтышчу).
Акүш ошондо элүүлөргө барып калган, кичине бойлуу, айылдагы аялдардан айырмаланып ак жуумал аял эле. Ал дайыма чоң ак жоолук салынып башына, колунан болсо дайыма мусулмандардын теспеси  түшчү эмес.  Эшикке баш багып Акүш жерде онтоп жаткан аялды көрдү.
- Ой эмне болду, бул ким айланайын, амансыңбы, деп келип Акмузду жөлөп көтөрүп араң үйгө алып кирди.
Акмуз эсин жоготуп нес болуп жатты. Акмуздан онтогон гана үн чыгып жатты. Акүш Акмузду очоктогу отко жакын жерге кийиздин үстүнө жаткырды жылуу жерге, оозуна суу алып келип куйду.
- Айланайын, мэ иче кой суудан, кудай ай, кыйналып калыпсың го, деп аяп жиберди бейтааныш келинди Акүш.
Оттун жарыгынан Акүш суйкайган сулуу, жапжаш, апакай жүзү бар, кирпиктери, чачтары уп-узун капкара, башында ак жоолук, ак көйнөктүн сыртына эркектин жыртык эски тонун кийип алган келинди көрдү. Келиндин кош бойлуу экени билинип көрүнүп турду. Акүш айылдагы келиндердин бардыгын жакшы таанычу, бирок бул келин бейтааныш көрүндү. Анан Акмузду төшөк менен жылуулап жаап койду. Сүттөн жылытып аны да Акмузга берди. Шорпону жылытып ууртатты кыйнап атып. Бир аз убакыттан кийин Акмуз уктап калды онтобой. Акүш эшикте калган Акмуздун түйүнчөгүн эстеп, эшикке кайра чыгып аны алып кирди үйгө. Түйүнчөктө бир аз кийимдери анан орок бар экен. Орокту көргөндө Акүш түшүндү, анын үйүнө ким келгенин. Акүштүн жүрөгү шуу эле дей түштү, анткени Алайга туугандарына барганда Орок келин жөнүндө шумдук окуяларды, миш-миштерди уккан эле. Азыр кышта эч ким деле орок көтөрбөйт эле айылда.
- Ий, каран күн, эми эмне кылам, Орок келинди киргизип алган турбайымбы үйүмө, эми ойгонуп кетип мени өлтүрсө эмне кылам, деп ойлоду Акүш.
Бирок, Орок келин бул акыбалында өлтүрмөк турсун өзү тура албай жатканын көрүп Акүштүн тынчсызданганы токтоп калды. Акыш орокту акырын катып койду сандыктын артына.
Акмузду карап олтуруп Акүш аны аяды, жаш болуп туруп бул келиндин көп кыйынчылык жана зомбулукту башынан өткөргөнүн уккан эле. Ошол зомбулукту, зөөкүрчүлүктү башынан өткөргөн Акмуз эми ким кыз ала качса ошолорду жазалаганга умтулганы, болгондо да орогу менен кол салганы ага ошол Акмузга болгон Мотурдун зөөкүрчүлүк мамилесинин касепети болуп турду. Ким ошондой зөөкүрчүлүк мамилени башка кыздарга жасаса өзүнө жасалгандай көрүп Акмуз аларды жазалаган. Анын мындай аракетине Мотур менен сакчысын орок менен өлтүргөнү өтө катуу психикалык терс түрткү болгон. Акүш укту эле, бир айылда Акмуз кыз ала качабыз деген бир жигитти орок менен өлтүрүп, экинчисин катуу жаракат кылганын. Орок келин атка конуп, эч качан орогун таштачу эмес, жүрсө турса, басса жүрсө ак жоолугун жана  орогун колунан түшүрчү эмес.
Акүш биякка Акмуз кайдан келгенин ойлоп отуруп, Айт-Дөбөдө ушул эле жашаган окшойт деп калды. Анткени,  кээ бирөөлөр көргөндөр айтып калчы эле, түндөсү Айт-Дөбөдө Каар чалдын мечитинде бир ак жоолукчан аял да көрүнөт деп.
Акүш эми Акмузду эч кимге көрсөтпөй бир аз бутуна тургуча багып караганды чечти.
Эртеси күнү эрте Акмуз көзүн ачып эле чочуп кетти:
- Мен кайдамын, менин орогум кайда, деп сурады Акүштөн.
Акүш сандыктын артынан орогун көрсөтүп:
- Орогуң бул жерде, деди .
- Мен кайдамын, сиз кимсиз, эмне үчүн бул жерде жатам мен, деп сурады Акмуз Акүштү карап.
Акүш Акмуздун турайын деген жеринен кайра аны жаткырды:
- Сен жата тур, эч жакка барбайсын айыкканча деп, анан Акмузга анын кантип келгенин айтып берди.
Акмуз ыйлап жиберди жаткан жеринен шолоктоп, жанынын кыйналганынан өзү жөнүндө Акүшкө айтып кирди.
- Сен эми эч кабатыр болбо, эч нерседен коркпо, сага меникинде эч ким тийбейт, сурагандарга тууганым сиңдим келди дейм, сен батыраак айык андан көрө, сен али аман-эсен көз жарышың керек, деди Акүш.
- Мен сизге миң мертебе ыраазымын, жакшы болсом сизден эч нерсемди аябайм, деп айтты ыйлап Акмуз.
Акмуздун азыркы абалы миш-миштердеги Орок келинге такыр окшошпой турду. 
Качан күйөөсү Мурат үйүнө кайтканда, аны акылман аял Акүш алдады.
- Тээ Алайдагы туугандарымын бир кызы мага дарыланганы келиптир, жакшы айыкканча биздикинде жүрө турсун, деп Муратты көндүрдү Акүш.
Акүш атактуу Орок келинди киргизип алганын жашырып Муратка айтпады.
Мурат болсо өтө кежир, кескин киши болгон. Мураттын бою узун болчу эки метрдей, капкара бетинде жүлжүйгөн кара көздөрү жана сербейген кара сакалдары көрүнчү, бакыбаттуу, күчтүү денелүү да эле. Аны айылда Кара Мурат балбан аташып, күрөштөн айылда ага эч ким тең чыга алчу эмес.
Кара Мураттын ачуусу да бир катуу болгон, Акүшту да далай жолу токмоктоп келген. Акүш өмүр бою баардыгына чыдады, кийин көндү Кара Мураттын каарына да.
Куюн болсо буттары жакшы баспай чолоңдоп басып калды. Ага да карабай Сарбоз жана Бороон болуп  Акмузду издеп Фергана өрөөнүнө жөнөштү. Тээ ошол Талдык белинен түшүп келе жатып оорукчан буту менен атта бекем отура албай кулап, Куюн эсинен ажырап, анан кайра тартып айылга алып келгиче Куюндун жүрөгү жолдо үзүлдү.
Күн өткөн сайын Акмуз айыгып  оңоло баштады. Тамакты да жакшы жеп калды. Бирок дагы эле күндүзү эшикке чыккандан коркуп чыкчу эмес, түндөсү болсо орогун эч кимге көрсөтпөй ала чыкчу эшикке.  Акүш Акмузга ар кандай табигый чөптөрдөн дарыларды жасап берип анын психикалык абалын дарылай баштады.
Бирок, дагы эле Акмуз түшүндө кыйкырып чыкчу:
- Мотур сени өлтүрдүм, балаңы да өлтүрөм, ким кыз ала качса да өлтүрөм деп.
Акырындап, кээде Акмуз күндүзү да чыга баштады эшикке. Акүш кошуналарга баягы эле легенданы айтып, Алайдан келген тууганымдын кызы деп тааныштырып жүрдү.  Ошентип, Акмуздун атактуу Орок келин экенин эч ким деле айылда билген жок.
Кээде өмүрүндө болгондорду эстеп Акмуз дагы эле ыйлачу, ичин кармалап, кээде көргүсү келет ымыркайды, кээде көрмөк турсун уккусу да келбей жинденет Мотурду эстеп.
Бир күнү Акүш менен Кара Мурат айылда бир тойго кетишкенде, Акмуз толгото баштады, эч кимди чакырган да жок, чыдабай апалап кыйкырып, көзүнө ушунун баарын жасаган Мотур зөөкүрдүн шоңшойгон суук кебетеси урунуп, андан бала көргүсү келбей жинденип чыкты.
- Баары бир өлтүрөм, көргүм келбейт, уккум келбейт деп кыйкырды Акмуз.
Эси жайы ары бери болуп, зөөкүр Мотурдун зордогону эсине түшүп кайра жинденип, акыры эркек ымыркай төрөлдү.
Ымыркай төрөлөөрү менен аны Акмуз караган да жок, анын кыйкырып бакырганына карабай үйдүн ары жагына бир кичинекей чуңкурга тез ымыркайды тирүүлөй эле көмө салды. Ары жактагы жазгы өрүктөн алып келип баланы көмгөн жердин үстүнө отургузуп койду. Көргөн кишилер өрүк отургузуптур деп ойлошсун деди. Оюнан, кулагынан ымыркайдын ыйлаганы кетпей койду. Акмуз ыйлап отурганда биринчи Акүш келди.
- Мага кереги жок Мотурдун тукуму, ал зөөкүрдүн тукумун тирүүлөй көмүп салдым, о-оо, кудай өзүң кечир мени деп кыйкырды Акмуз.
- Апеей да, балада эмне күнөө, ой сен эмне кылдың жараткыр десе, бул жалган дүйнөгө келген баланы тим эле койсоң болмок, мен деле багып алат элем го, деп кайгырды Акүш, барып көрүп көмгөн жерине, кеч болуп калганына ишенгенден кийин.
- Мен сизден суранаарым, эч кимге айтпай эле коюнуз, кудайдын астында мен өзүм жооп берем, деп ыйлады Акмуз.
Акүш Кара Муратка эмне деп айтаарын билбей ойлонду, ал дагы бир күнү баары бир сурайт да, Акмуздун боюндагы эмне болду деп, же тирүүсүн, же өлгөнүн көрбөсө.
Ошентип, Акмуздун жаңы төрөлгөн баласынын эмне болгонунун сырын үч киши гана билип калды.
Жай келип эми Кара Мурат менен Акүш жакын эле жердеги жайкы конушка жөнөштү, ал Кара-Багыш бөксө тоолорунун этегинде Караңгы-Колот деген жерде жайгашкан эле.  Ар бир жылда июньдан октябрге чейин алар Савай жана Кыдырша деген айылдардын жашоочуларынын  уй-койлорун акчага карап багышчу эле ошол жакта.
Акүш суранып атып Кара Муратты көндүрүп Акмузду да кошо алып алышты. Акмуз Акүшкө жардам берип журду, тамак бышырышып, уйларды саап, койлорду карашты.  
Кара Мурат болсо Акмуздун теги өзү ким экенин акырындап баамдай баштады, анткени Акмуздун ак жоолугун башынан түшүрбөй, түнү орогу менен эшикке чыгып жүргөнүн ал көрүп калчу болду. Бул келин атактуу Орок келин экенине түшүнө баштады.
Бир күнү Кара Мурат Акүштү бул жөнүндө жарга такагандай сурады да, Акүштүн бул кылганына аны аябай токмоктоду. Энеңди, атаңды сени кетирем, жоготом деп аябай ашатып сөктү. Акмуз кой багып журду эле ал убакта. 
Кээде Акмуз өзүнү жоготуп койчу. Бир туруп эле Акмуздун кулагынан жаңы төрөлгөн баланын кыйкырып ыйлаганы туруп калчу кетпей. Кээде аны көп жигиттер зордуктаганы күчкө салып атканы көз алдынан кетпей, анан  туруп калчу нес болуп.
Мындай убактарда Акмуз зомбидей эчтеке укпай, эчтекени көзү көрбөй эле басып калат эле (зомби - өзүн өзү башкара албай, бирөөлөрдүн кандайдыр бир буйруктарына баш ийип калган тирүү эле адам. Кээде бир коркунучтун же дагы бир башка нерсенин таасиринде жүргөн да адам) .  
Акүш Акмуздун мындай жүргөнүнө көнүп, бул убактарда ал менен ымдашып сүйлөшөт эле. Акүш Кара Муратты да үйрөттү, бул убактарда Акмуз менен кантип сүйлөшүштү. Кээде болсо Акмуз кадимкидей бакылдап, шакылдап сүйлөшүп калат эле.
Кара Мурат  Акмуз жокто:
- Сен мунуңду качан жоготосун?
- Кантип жоготмок элем, бул бечара кайда барат, эми жакшы болуп оңолуп келатат, дечү Акүш.
- Эгерде жоготпосоң, анда мен аны экинчи аял кылып алам, же аны өзүм жоготом, деди Кара Мурат.
- Алың жетсе алып ал, мен эми карыдым, менден тажадың да эми, деди Акүш.
Кара Мураттын бул сөздөрү Акүштүн маанайын аябай бузду, өткөндө токмоктогондон кийин араң оңолду эле Акүш бөйрөктөрү ооруп араң чыдап жүргөн, эми Кара Муратты катуу жек көрө баштады.
Бир күнү Акүшкө кабар келди, анын Ош тарапта бир жакын тууганы каза болгону жөнүндө. Эми Акүш үч күнгө ошол жакка барып келгенге мажбур болуп кетти.
Кара Муратка Акмуз эбаак эле жагып калган эле. Кара Мураттын Акмузга байланышкан тээ алдыга коюлган ой-максаттары да бар болчу. Кара Мурат Акмузду Мотур сыңары экинчи аял кылып алсам деп ойлой баштаган эле.  Акмуз Кара Мураттын аябай каалап караган көз-караштарына чыдабай жүргөн. Акүш барда эч качан Кара Мурат менен жалгыз калчы эмес үйдө, дароо чыгып кетчү эшикке. Акмуз Кара Мураттын көзүнчө тамак да иччү эмес. Акмуз эч качан Кара Муратка тике карап сүйлөчү да эмес. Акүш кетип мына эми экөө бетме-бет калды.
Акүш Кара Муратка дайыма:
- Сен Акмуздан этият бол, анын мүнөзү, кыялы  эркектикиндей, өзүн коргой алат, сен ага тийишпегин, деп.  Акүш да сезип эле жүрдү, Кара Мурат кандай көздөрү менен Акмузду карап жүргөнүн.
Анын бул сөздөрүн Кара Мурат кызганып жатат мени деп ойлоп жүргөн.
Акүш кеткен биринчи күнү кечинде эле, Акмуз кечки тамак бышырып алып келип эми чыгып кетейин дегенде эле Кара Мурат баштады:
- Эй Акмуз сен кайда, отур мындай, биз сени өлүмдөн алып калдык, бир үй-бүлөдөй болуп калдык, жашырганды жашырдык, сен мага абдан жагасың, менин экинчи аялым болосунбу, деп сурап кирди Кара Мурат.
- Мени чыгарып жибериңиз эшикке, мен эч качан экинчи аял болбойм сизге, деди Акмуз.
- Эгерде сен макул болбосоң, анда мен сенин сырларыңды, абийириңди элге тыттай чачам, сени Жааба бийдин жигиттери, сен өлтүргөн жигиттин туугандары келип өлтүрүп кетишет, деп коркутту Кара Мурат.
- Мен Акүш эже суранганынан эле сиз менен калдым эле, эже келеери менен кетем мен туугандарыма Алайга, эжеге ырахматымды айтып анан жөнөймүн, бир күн да турбайм сиздин жаныңызда, кимге айткыңыз келсе айта бериңиз, мен андан коркпоймун, деди Акмуздун жини кашайып.
Анан Кара Мурат мейли эми дегенсип Акмузду эшикке коё берди. Кара Мурат олтуруп алып бозого аябай тойду ( бозо – кыргыздардын улуттук ичимдиги, таруудан, буудайдан, жүгөрүдөн, күрүчтөн жасалат, кант кошуп кармаса күчү көбөйөт).
Кара Мурат унчукпай калганын көрүп, Акмуз үйгө жатпай сарайга кирип  жатып алды. Бозого мас болгондон кийин Кара Мурат болсо  Акмузду зордуктоону чечти. Акмуз да Кара Муратка ишенбей качан эле даярдык көрүп жаткан, орогун жана бычакты алдына бекитип.
Акүш да айткан эле:
- Бозого тойсо анда сени жөн койбойт, этият болгун деп.
Кара Мурат Акмузду тез эле шам менен таап алды. Акмуз жатып алган болчу. Кара Мурат дароо жабыша баштады. Мас неме кой дегенге болбоду. Акмуз Кара Мурат эми жанына жатып зордуктайм деп чечине баштаганда шамды өчүрдү да, акырын орогу менен бычагын алып чыгып биринчи орок менен анан бычак менен да Кара Мураттын доодой денесине, жүрөгүнө, башына көп жолу урду. Караңгыда Кара Мурат жөн эле жаткан Акмуздан мындайды күтпөгөн болчу, анан ал мас да болчу. Кара Мурат ошол жаткан жеринен тура алган жок да жан берди.
Эртеси Акмуз качып кетейин деп да ойлонду. Кара Мураттын сөөгүн эмне кылышты да билбеди. Акүшкө кантип угузаарын да билбеди. Эми Акүш мени өлтүрсүн, мен ага макулмун деп да ойлоду.
Акүш келери менен Акмуз ыйлап кирди айта албай. Акүш дароо эле түшүндү эмне болгонун.
- Кайда койдуң сөөгүн, деди Акүш.
- Менин мойнум даяр, эми мени сиз өлтүрүңүз, деди Акмуз.
Акмуз болгонун болгондой ыйлап айтып берди. Акүш анын сөздөрүнө ишенди. Акүш сезген болчу, ушул Кара Мурат Акмузга бир балээ кылбаса экен деп. Анан Акүш Кара Мураттын бир эки жыл мурда бир жаш келинди үйгө алып келгенин эстеди. Алып келип, бул менин экинчи аялым болот деген, биз менен жашайт чогуу деп.  Акүш анда ал аялды тез эле Кара Муратка жаман  көрсөтүп куудурган эле.
Акүш болсо Акмуз Кара Муратка экинчи аял болуп эч качан макул болбосун да билет эле.
- Эми боло турган иш болду, ал мурдатан эле көзү сага ашык болчу, мен ойлогондой эле болду, айттым эле сага тийбе деп, ыйлады Акүш.
- Мени  кечириниз же өлтүрүңүз, мен бардыгына даярмын, деди Акмуз.
Акүш ойлоду, баары бир Кара Мурат жөн койбойт болчу Акмузду же ал Акмузду соймок. Анан мага да күн көрсөтмөк эмес. Акүш акылман аял болчу.
- Сен унчукпа, мен бирдеме ойлоп табам Кара Мурат жөнүндө, эптеп эми күнүм өтөөр, деди Акүш.
Ал жерлер ээн жерлер болчу, ага карабай жайкы конуштан бир алысыраак токойчонун ичинде көр казып, Кара Мураттын сөөгүн ошол жакка алып барып коюшту.
Айылдагыларга болсо, Акүш Кара Мурат Ошко базарга койлорду сатканы кеткен бойдон жок деп жар салды. Кара Мураттын туугандары чогулуп Ошко барышып бүт кыдырышып издеп таппай келишти. Кара Мурат Ошто жоголду болуп отуруп калышты. Анткени, буга чейин деле, кээ бирөөлөр Ошко уй, кой сатканы барып анан аларды кылмышкерлер тоночу, кээ бирөөлөр табылбай да калчу. Кара Мурат да ошондой болду го деп ойлошту. 
Кара Мурат өлгөндөн кийин Акүш менен Акмуз уй, койду өздөрү карап калышты. Күзгө чейин эптеп карашып анан айылдагыларга малдарын таратып беришти. Айылда Акүштун кадыр-баркы чоң эле. Акүш бакшы болуп элдерди дарылачу, аялдарын Акүшкө алып келишчү төрөткөнү. Ар кандай оорулардан чөптөрдөн дарыларды жасап сатчу элге. Анан Курандан да көп сүрөлөрдү жатка билчү, арабча окуйт эле. Дагы шамандардын ыкмаларын да жакшы билип шакыйы кармагандарды, баш ооруларды дарылайт эле (шаман-бул манчжур тилинен алынган, бул арбактар жана пайгамбарлар менен эргип сүйлөшө алган киши).  Элдерге дубалап тумар да жазат эле (тумар-көз тийгенден, оорулардан, шайтандардан сактоочу Курандан алынган сүрөлөр жазылган кагазды үч бурчтук материал менен ороп моюнга такчу).  
Бир жолу ошол Савай айылында кызык окуя болду. Айылдын бир тургуну көрүстөндүн ичине кирип кеткен койлорду айдап чыгам деп кирип, кээ бир мүрзөлөрдө тооктун жумурткаларын таап алат. Ал жумурткалар мүрзөлөрдүн Мекка тарабында болуп беттеринде арабча жазуулар болгон. Ошол жумурткалар табылган убакта Акүш жайкы конушта эле. Анан ошол жумурткаларды таап алган киши бул эмне болгон шумдук деп, жумурткаларга тийгенден коркуп, барып айылдын молдосу Шабанды чакырып келет көрүстөнгө. Шабан молдо ал жумурткаларды көрүп, табылган жумурткалардын бардыгында бирдей «Аллаху акбар» деген жазууну окуйт. Молдо Шабан тообо кылып, куран түшүрүп, бул алладан келген жакшы белги деп айтат. Андан кийин ал жумурткалар жөнүндө айылдын эли угуп жана башка айылдарга да тарайт. Көрүстөнгө эл батпай, бардыгы жумурткаларга сыйынышып, куран окушуп, бир четинен таң калышып, бул эмне болгон белги болду экен дешип. Бул жумурткаларды көргөнү  райондогу чоң мечиттин имамы да келип көрүп кетет. Бир айча элдер дуу-дуу болушуп ошол жумурткалар жөнүндө көп сөз болду айылда. Акүш бир күнү Караңгы-Колоттогу жайкы конуштан бир күнгө айылга келип ал чуру-чууну угуп, ал жумурткаларды жакында каза болгон жердештердин мүрзөлөрүнө ал койгонун айтат. Көпчүлүк эл Акүшкө ишенбей, бирок, Акүш көрүстөнгө барбай туруп, ал жумуркаларга жазууну кантип жазып, мүрзөлөргө кантип, кимдин мүрзөлөрүнө койгонун айтканда араңдан зорго ишенишет.
- Ой, анан эмнеге сага жин  тийдиби, эмнеге баарын жазып коюп чыктын жумурткаларды, деп сурашты эле.
Анда Акүш минтип жооп берди:
- Акыркы убакта айылда өлүм-житим көбөйүп кетти. Биринин артынан бири, жапжаш балдар да кээ бири оорудан, кээ бири ар кандай кокустуктан каза болуп кетишти. Ошон үчүн, кудайга жалынып жаздым эле, эми башка дагы өлүм-житимден куткара көр деп.
Акүшту айылда тойлорго да, өлүм-житимге да калтырбай чакырышчу эле. Акмуз менен Акүш ынтымакта Акүштүкүндө жашап жүргөн убакта бир күнү Акүш катуу ооруп калды.
Акмуз Акүштун өзүнүн айтканы боюнча ар кандай дары даярдап Акүшкө берип жатты. Акмуз күнү-түнү Акүштү багып, суу-чайын, дарысын  берип жанында болуп карады.
Тилекке каршы, Акүштүн оорусу күчөп басылбай, анан тамакты да жакшы жей албай калды.
- Акмуз, мен оңолбойт окшойм, күндөн күнгө начарлап эле баратам, сен эми мага өзүмүн кызымдай эле болуп калдың, менден өтө чоң сураныч да, керез да, ушул үйдөн кетпечи, сен бул жерде болсоң сага эч коркунуч да жок. Бирөө эч ким кууса да кетпечи. Бул жерде сен мен үйрөткөндөй элдерди дарыласаң болот да тамак-самактан кыйналбайсың. Эгерде өзүнүн жериңе кайткың келсе, анда дагы эки-үч жылдан кийин, сенин эрдиктериң жакшы унутулгандан кийин кайтсаң болот, деди Акүш.
Акүш өзүнүн жакын туугандарына да айтты:

- Акмузга жардам бергиле муктаж болсо, үйдү эч кимге бербегиле, эгерде уулдарым эле алабыз дебесе.
- Акмуз, эгерде сен бул үйдөн мен айткандан эрте кетсең, анда сени өлүм күтөт, деп айтты Акүш аягында. Эртеси Акүш ошентип каза болуп калды.
Акүштү койгонго уулдары келген жок, аларды кайсы жерде экенин да эл билбей, алар укпай деле калышты окшойт.
Ошентип, Акүштүн үйүндө Акмуз жалгыз баш жашап калды. Акмуздун баягы оорусу, кайгы-муңу дагы эле андан кетпеди. Эгерде кечиндеси же түндөсү үйлөрдөн кичинекей баланын ыйлаганы угулса эле Акмуз өзүн коёрго жер таппай, жаман болуп кетчү өзүн жоготуп. Акмуз ошол үйлөргө чуркап барып түнү болсо да, эшик каалга, терезелерин каккылап, каткырып күлчү, баланын ыйлаганы токтосун деп. Бул үндөрдөн кичинекей балдар эмес, чоң кишилер да коркчу эле. Акмуз ак жоолугун кийип, орогун алып алып бул жоруктарын көп жолу айылда кайталады. Бир күнү кыз алып качкан бир жигитти түндөсү уктап жаткан жеринен Акмуз орок менен уруп, өлтүрүп коё жаздап, ал жигит катуу жаракат алып араңдан зорго аман калат. Элдин бардыгы айылда Акмузду  Орок келин деп коркуша башташты.
Акмуздун жакшы жактары да бар болчу, ал элдерди жакшы дарылап коё турган. Баш оору дегенди заматта басчу. Бирок Акмуз өзү да психикалык оору менен ооруп жүрдү. Кээде анын кулагынан түнү менен уктатпай ымыркайдын ыйлаганы кетчү эмес. Көпчүлүк  айылдын тургундары Акмузду бир четинен аяшып да калышчу эле.
Айылдын аксакалдары бир күнү Акмузга жолугуп, түнү адамдарды коркутканын, орогун таштабаса айылдан кетирип салышаарын айтышты.
Акмуз баласын көмгөн жерге отургузган жазгы өрүк тез эле чоңойду. Күн жылууда ар күнү Акмуз ошол жазгы өрүктүн жанына барып отуруп баласы менен сүйлөшкөндөй сүйлөшүп калар эле.  Тез эле ал жазгы өрүк мөмө ала баштады. Ал жазгы өрүктүн мөмөлөрүн Акмуз жечү эмес. Эч кимге жедирчү да эмес. Кимде ким кокустан ошол жазгы өрүктүн жемиштерин жеген болсо, анда алардын ичи аябай өтүп кыйналышчу ооруп. Ошондуктан, айылдыктар ал жазгы өрүктү Орок келиндин өрүгү деп ат коюшкан.
Бир күнү дагы бир үйдө кичинекей бала катуурак ыйлаганда, Акмуз аны угуп калып, жини кашайып, орогун алып, жаш үй-бүлөнүн жүрөктөрүн түшүруп түндөсү терезе, эшигин каккылап, ургулап сындырган. Бул окуядан кийин айылдын аксакалдары келип Акмузду Акүштүн үйүнөн кууп чыгышты. Акүштун үйүнө Кара Мураттын бир тууганынын үй-бүлөсү жашап калды. Акмуз кайда бараарын билбей акыры мал багып жүргөн Караңгы-Колотко жайкы конушка төрт саатта жөө барды. Эмнегедир ушул ээн жакты Акмуз жакшы көрөт эле. Караңгы-Колоттон төрт тараптагы ылдыйдагы айылдар алакандагыдай көрүнөт эле. Эптеп конушту жылытып түнөп калды, эртеси турганда Акмузга Акүштүн айткан керези эске түштү, бирөө кууса да кетпе дебеди беле деген. Акмуз кайра айылга түн жамынып келип Акүштүн үйүнүн чатырынын астына чыгып жатып алды.  Түнү жөн отурбай ал жерде жашап жаткандарды уктатпай коркутуп чыкты.
Эртеси эле Кара Мураттын туугандары Акүштүн үйүнөн качышты.
- Ой, атасынын көрү, бул үй жашап болбой турган үй экен, уктай албай койдук,  түнү менен чатырында бирөө басат экен ары-бери, анан бир кичинекей бала түнү менен ыйлап чыкты, таң аткыча шашылдык, келме келтирип коркуп чыктык, мага да, келинчегиме да учук чыгып кетиптир бүт денелерибизге коркконубуздан, экинчи ошол үйгө бутум басып барса өлөйүн,  деп карганды Кара Мураттын тууганы.
Ошентип кайра эле Акүштүн үйү бошоп калды. Кара Мураттын тууганы айткандан кийин Акүштүн үйүнө жашаганга каалоочулар да болбой калды. Акмуз өзү эле жашап калды, элдер көрбөсүн деп, күндүзү үйдүн чатырында уктап, түнү ылдый үйгө түшүп тамак жасап жеп жүрдү. Акмуз күндүзү эч ким менен сүйлөшпөдү да, эч кимге көрүнбөдү да. Түнкүсүн мурунку көнгөн «уусуна» чыга баштады. Айылдагы короолордон азык-түлүк алып, жер-жемиш уурдап жеп жүрдү. Кээ бирөөлөр түнү бир оокумда Орок келинди көрүп да калыша турган болду. Кээде түнү аны Акүштүн үйүнөн да көрүшчү,  бүлбүлдөгөн чырактын жарыгында жүргөнүн. Бирок, Орок келинге каршы бирдемке айтып же ага каршы бирдемке кылыштан да айылдыктар Орок келиндин каарынан, өчүнөн коркушуп жалтанышат эле.
Айрыкча кичинекей балдары бар үй-бүлөлөр коркот эле. Орок келин ким кыз алып качса ошол жигиттердин түбүнө жетет дешчү, жакынкы айылдарда кыз алып качуу деген  дым эле басылды.
Апалар балдарын Орок келин менен коркутушчу, бирөө бирдемкени жасабаса, же тамак ичпесе, тил албаса, убагында уктабаса Орок келинге айтсам сени алып  кетет деп айтышат эле.    Айылдагы балдар Орок келинди укканда жым ыйлаганын токтотушуп, дароо уктап калышат эле.
Айылдагылар көнүп да калышты Орок келиндин түнкү жоруктарына, Акүштүн үйүн анын арбагыбы, же бир мастанбы, же Орок келин өзүбү кайтарат деп айтышат эле. Эми айылда түнү бирдемке болсо эле Орок келинден көрө башташты.
Кээде күндүзү да күтпөгөн, үрөйдү учурган окуялар да болду Савайда. Бир жолу  Акүштун үйүнө үйү жакын турган Бакен деген киши от жакканга меш жасап, анан ага темир капкак таппай айласы кетти. Бакен эч нерседен коркпогон,  чоң келбеттүү киши болчу, кырктын кырын ашкан. Өткөндө Акүш каза болгондо көрдү эле, аныкындагы эски меште капкагы бар экенин темирден. Эми азыр эч ким жашабайт, урап бараткан мешке ал капкактын кереги деле жок болуш керек, кирип алып алайын деп Бакен күндүзү эле Акүштүн үйүнө кирген.
Бакен эми мештен темир капкакты чыгарып жатканда артынан эшик жактан дыбыр-дубур үн чыкканынан караса эле Орок келин колундагы орогу менен ага кол салганы келе жатыптыр Бакенге кыйкырган бойдон, Бакендин жүрөгү түшүп терезеден араң качып, көчүгүнө ороктун бир аз учу кирип кутулуптур.
Үйүнө келип эле Бакен ооруп, жөөлүп жатып калыптыр. Кичине түзүк болгондо эле Орок келиндин кол салганын Бакен бүт элдерге айтып берип да элди шумдук коркутту. Жүрөгү түшкөн Бакен бала-чакасы менен башка айылга туугандарына көчүп кетип ошол бойдон Савайга кайткан жок.
Бир жолу болсо Акүштүн үйүнүн короосуна бирөөнүн уйу кирип короодогу өсүп кеткен чөптөрдү жеп атыптыр. Анан ошол уйду айдап чыкканы Акүштүн короосуна 13-14 жаштагы эки бала кирип калат. Алар короого киреери менен Орок келин аларга да кол салган орогу менен. Жаш балдар Орок келинди көргөндө жүрөктөрү түшүп, дагы жакшы  шамдагайлык кылып качып кутулушкан ороктон. Бирок, Орок келин орогу менен короого кирген уйду бир эки жолу орогу менен чаап калган. Кан чууруган, жарат алган уй кыйкырган бойдон көчөмө-көчө чуркап элдин үрөйүн учуруп, балдар аябай коркушкан. Эти адал болуп калсын деп, уйдун ээлери уйду араң кармап, анын жаны чыккыча сойгонго араң  үлгүрүшкөн. Орок келиндин орогу тийген уйдун этин да айылдыктар да коркуп жебей коюшкан, бул Орок келиндин бир балээси бар, жугуп калбасын деп. Орок келинден Акүштүн короосунан араң качып кутулган балдар да жүрөктөрү түшүп ооруп, араңдан зорго айыгышкан.
Дагы бир жолу болсо Орок келин бир кечеден кеч кайтып Акүштүн үйүнүн жанынан ырдап өтүп кете жатышкан балдар-кыздардын бир тобуна түнү кол салган орогу менен. Иши кылып Орок келиндин жоруктары айылдыктардын көкөйүнө тие баштаган.
Анан чыдашпай аксакалдар кайра чогулушуп, Акүштүн үйүн бузуп салууну чечишишкен, Орок келин жашабай тургандай кылып. Орок келин алардын сүйлөгөндөрүн угуп жашынып турду. Баардыгынан көп кыйкырган Орок келинге каршы Талыпбай болду. Аны өткөндө эле Орок келин өлтүрүп коё жаздаган болчу, Талыпбай түнү бирөөнүн тоогун уурдап келатканда. Орок келинди көрүп коркуп, тоогун таштап качып кеткен. Аксакалдар тобу эртеси Акүштүн үйүн бузабыз, баардык жаштарга айткыла деп чечишти.
Ошол эле түнү Орок келин Талыпбайды дагы бир достору менен кечке олтуруп кайткан жеринен көрүп калып күтбөгөн жерден Талыпбайга кол салып, ал качканга үлгүрүп, бирок колуна ороктун учу бир аз кирип кеткен. Талыпбай караңгы болсо да Орок келин кол салганын дап-даана таанып калган.  
Талыпбай эртеси достору менен Орок келинди баары бир издейт деп, Орок келин Айт-Дөбөгө качып барган. Эртеси Талыпбай колун танып алып, Орок келинге жинденип кыйкырып, эркектерди чогултуп алып Акүштүн үйүн бузушту. Бирок, андан бир жума өтпөй эле Талыпбай үйүндө жаткан бойдон аркы дүйнө салды. Талыпбайдын туугандары анын өлүмүн Орок келинден көрүштү.
Орок келин Акүштүн айткан керезин аягына чейин аткарып эч жакка кетпей аягына чейин үйүндө журду. Түндөсү болсо мурдагы эле көнгөн "жумушун" аткарып жүрдү. Баягы эле балдардын ыйлаганын укса эле ошол үйгө жетип барып эшик, терезесин каккылап балдардын үнүн басканын таштабады.
Элдер Орок келинди кээде Акүштүн үйүнүн калдыктарында бирдемке карап жүргөнүн көрүп калышат эле. Кээде Орок келиндин Акүштүн короосундагы жазгы өрүктүн жанында ыйлап отурганын, кээ бирөө аны Шарихан-сайдын суусуна түшүп жаткан жеринен көрүп калышкан эле.
Бир күнү эки-үч күн катуу жамгыр жаап, Айт-Дөбөнүн чокусундагы араң турган эски чакан мечит да урап түштү. Ошентип, Орок келин жашаганга айылда шарт калбады. Бара турган тууганы жок, же досу жок Орок келин кечке жуук баягы эле жайкы конушка Караңгы-Колотко жөнөдү. Бара жатып жөө ойго батты, эми эмне кылсам деп. Бүгүн эптеп ошол жакка түнөйүн да, эртең эртелеп Алай жакка жөнөйүн туугандарыма деп чечти. Эми Акүштүн айткан керезин аткардым, андан бери да мына туура үч жыл өттү. Эптеп жетсем Алайыма, атам байкуш тирүү болсо экен аны көрсөм Бороон экөөнү, сүйүктүү Куюнум бар болсо аны көрсөм деп баратты ойлонуп, кудуңдап басып баратты.
Айылдардан кыйла узаганда караңгы да кирип калды, анан жолдо Орок келинге күтпөгөн жерден алты-жети ачка карышкырлар кол салды. Орок келин качып олтуруп Караңгы-Колотко жеткиче төрт карышкырды өлтүргөнгө алы жетти. Карышкырлар да өжөрлөнүшүп кайра-кайра чабуул жасап, Орок келинди торошуп тиштеп орок кармаган колдорун, анан такыр анын шайы кеткенде Орок келинди түбүнө чейин жеп тим болушту. Орок келин жайкы конушка бир он-жыйырма метрдей жетпей ачка карышкырларга жем болду.  
Орок келин жок болгондон кийин бир ай өткөндө бир малчы жайкы конушка мал айдап бара жатып кокусунан эле жерде жаткан орокту, кан болгон ак көйнөк менен ак жоолукту таап алды. Алардын айланасында карышкырлардын сөөктөрү чачылып жаткан экен.
Анан ошол малчы айылдагыларга кабар жиберген, Орок келинди карышкырлар жеп кетиптир деп. Ишенип ишенбей, айылдын аксакалдары Орок келиндин кийимдерине орогун ороп, айылдагы көрүстөнгө мусулмандарды көмгөндөй куран түшүрүп көмүштү. Эң кызыктуусу, ошол орок келиндин мүрзөсү бир жума өтпөй жер менен барабар болуп жоголуп кеткен. Кийин эми эч ким билбей калды Орок келин кайсы жерге коюлганын.
Акүштүн үйүнүн калдыктарын дагы эле Орок келиндин үйү деп аташат. Азыр эми ал үйдүн фундаментиндеги таштары менен эле дубалынын кичине калдыктары калган. Ошол жерге эч ким башка үй салганга далалаттанбады да аракет да жасабады.   
Акүштүн уулдары да кайтып айылына келишти, бирок Орок келин жөнүндө угушкандан кийин алар дагы башка жактарга үй салып жашап калышты.   
Кийин айылда айтып калышчу, бирөө Орок келиндин жазгы өрүгүн кыйып алайын деп, балтасы колунан тайып бутуна тийип майып болуп калган деп. Ал жазгы өрүк дагы эле бар, дагы эле кадимкидей, эч нерсе болбогондой эле эң биринчи болуп айылда гүлдөп, биринчилерден болуп мөмөлөрү бышат. Анын жанында ошол өрүктөн тараган дагы башка өрүктөр өсүп калган. Айылда муундан муун алмашса да ошол Орок келиндин жазгы өрүгүнүн мөмөлөрүн дагы эле эч ким жебейт.
         Айылдын тургундары дагы эле ошол Орок келиндин үйү тараптан түндөсү ымыркайдын акырын чыккан үнүн угушат. Орок келиндин үйү жоголуп баратса да, айылдыктар түнү эмес күндүзү да ал үйдү айланып өтүшөт, чочуркулап коркушуп, дагы бирдемке көзгө көрүнбөсүн деп. 
Орок келиндин өткөнүнө эчен жылдар өтсө да бул айылда дагы эле кыз ала качуу боло элек деп айтышат. Энелер дагы эле тил албаган, ыйлаган балдарын, неберелерин Орок келин менен коркутушат.

Бул айдай сулуу, ыйлаган балдарды жаман көргөн, кыз ала качам дегендерди жазалаган, сүйгөнүнө жетпей, күйөөгө тийбей, үй-бүлө кура албай калган, түн жамынып гана эркин жүргөн  Орок келин жөнүндөгү окуялар жана  анын ыйлай турган муңдуу татаал тагдыры Савай айылында муундан муунга айтылып келет.

 

 

.

Хамид САВАЙ

Бул чыгарманын орус тилинде которомосу бар. Шилтемеси>>